Сапаты, баасы боюнча мыкты делген Android үлгүсүндөгү телефондор. Рейтинг

Кымбат телефондордон Хiаоmi Blасk Shаrk гаджети биринчи орунга илинген. Анын орточо баасы 460 долларды түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. AnTuTu компаниясынын адистери 2019-жылдын сапаты менен баасы дал келген Android үлгүсүндөгү эң мыкты телефондордун рейтингин түздү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Планшетке айланып калган смартфон. 2000 долларлык телефондун видеосу
Баасы 150 долларга чейинки телефондордун ичинен Redmi Note 7 мыкты аталса, 300 долларга чейинки гаджеттердин сап башына Meizu V8 илинген. Анын картасынын эс тутуму Redmi Note 7 телефонунуку менен бирдей 32 гигабайтты түзөт.

450 долларга чейинки смартфондордун арасынан адистер Хiаоmi Mi 8 үлгүсүн мыкты деп табышкан. Анын картасынын эс тутуму 64 гигабайт.

Кымбат телефондордон Хiаоmi Blасk Shаrk гаджети биринчи орунга илинген. Орточо баасы 460 долларлык уюлдук телефон башкалардан өзгөчө дизайны, күчтүү процессору жана картасына көп нерсени сактай алары менен айырмаланат.