Борбор калаада кыргыз-британ бизнес форуму уюштурулат

Иш-чарага мамлекеттик органдар, чет элдик компаниялар жана эл аралык уюмдар катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте британиялык 30 ири компаниянын катышуусунда бизнес форум өткөрүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, British Expertise International аталышындагы иш-чара 11-14-март күндөрү уюштурулат. Ага мамлекеттик органдар, чет элдик компаниялар, атамекендик ишкерлер жана эл аралык уюмдар катышат.

Кыргыз-британ форумунун максаты — билим берүү, туризм, инвестиция, инфраструктура, каржы жана IT тармактары боюнча кызматташуу.