СССРдин эл артисти Владимир Этуш каза болду

Ал эмнеден улам кайтыш болгону азырынча белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Советтик жана россиялык актер Владимир Этуш 97 жашында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Актердун каза болгонун кызы Раиса ырастаган. Ал эмнеден улам кайтыш болгону азырынча белгисиз.

Этуш "Кавказская пленница или новые приключения Шурика", "12 стульев", "Иван Васильевич меняет профессию", "Приключения Буратино" деген тасмаларда жараткан ролдору менен көпчүлүккө таанылган.