Бишкектеги Москва менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 8-мартта саат 22:40тар чамасында Тез жардам кызматынын машинасы менен жеңил автоунаа кагышты. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, кырсыктын сүрөт, видеосун Telegram каналына жиберди.
Күбө бакты сүзүп токтоп турган Тез жардам кызматынын автоунаасын көргөнүн, экинчи жеңил унаа Москва көчөсүнүн ортосунда турганын айтты. Кырсык болгон жерге куткаруучулар менен 5-6 Тез жардам кызматы келген.
Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун ырастап, жабыркагандар бар экенин билдирди. Ал эми Тез жардам кызматынан маалымдашкандай, алар бейтапты ооруканага алып баратышкан. Жол кырсыгынан айдоочунун буту отурган жеринде кыпчылып калгандыктан, куткаруучулар чакырылган. Андан сырткары, медайым менен бейтап дагы жаракат алып, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Ишенимдүү булактын билдиришинче, Тез жардам кызматынын унаасы Lada үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Анын айдоочусу ичип алган болушу ыктымал. Жол кырсыктан эки машинанын айдоочулары, дарыгер жана эки фельдшер жаракат алган.