Анталияда баңгизат сатууга шектелип кыргызстандык жаран кармалды

Жергиликтүү мыйзам боюнча алар 20 жылдан 30 жылга чейин соттолушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Анталияда (Түркия) кыргызстандык жаран баңгизатты сактоо жана сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды.

Москвада ымыркайын миллион рублге саткан кыргызстандык аял кармалды
Жергиликтүү прокуратуранын маалыматына ылайык, Манавгат шаарынын Салкымевлер районунда полиция кызматкерлери ичинде Э.Й. жана И.И. аттуу түркиялык жарандары бар унааны токтотуп, аны тинтүү учурунда 1,6 грамм баңгизаты табылган.

Тартип сакчылары алардын жашаган үйүн текшерип, дагы төрт адамды колго түшүргөн. Кармалгандардын арасында бир кыргызстандык бар.

Шектүүлөрдүн бардыгы баңгизатын сатуу боюнча айыпталууда. Түркиянын мыйзамдары боюнча алар 20 жылдан 30 жылга чейин соттолушу мүмкүн.