Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты

Бүгүн кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, актриса Айша Карасаеванын туулган күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан окумуштуу, агартуучу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Sputnik

Айша Карасаева - белгилүү окумуштуу Кусеин Карасаевдин жубайы. 

Атасыз калган секелек. Айша Карасаева (кыз кезиндеги фамилиясы - Түмөнбаева) 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Султаналы өзүнүн айылында мектеп ачып, директор болуп сабатсыздыкты жоюу менен алектенген. 1931-жылы ак жеринен камалып, ошол боюнча дайынсыз болгон. 12 бала төрөгөн энеси Асылкан колунан көөрү төгүлгөн аял экен. 

Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты

Илимге умтулган кыз. Ата-эненин билим алса деген максатынан улам Айша  11 жашында бир жума бою жол жүрүп борбор калаага келет да, педагогикалык техникумда билим ала баштайт. Жакындарынан алыс жүргөн секелек күндүз сабакка барып, кечкисин жаңы курулуп жаткан жатакана, ашкананын курулуштарына кол кабыш кылып коомдук иштерге активдүү катышат. Ошол жылдары ал Петр Юдахинден сабак алып, белгилүү акындардын ырын окуп, обон созуп, пьесада образ жаратып, айылдагы ата-энесин уят кылбоого болгон аракетин жумшап окуйт.

Тасмадагы башкы каарман. Ташкент менен Москва шаарынан Фрунзеге киночулар келип "Саябан араба" тасмасында башкы каармандын образын жаратууга кыз издешет. Режиссер 13 жаштагы чыйрак Айшанын дайынын угуп,  Фрунзеден атайы Ысык-Көлгө издеп келет. Ошентип Айша кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан. Актерлук билими жок болгонуна карабай, ал образды ийине жеткире ачып берген. 

Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты

Карасаевдин жүрөгүн ээлеген сулуу. Студент кыздын болочоктогу жолдошу түрколог Кусеин Карасаев 1930-жылы Ленинград шаарындагы окуусунан дипломдук ишин жазуу үчүн бошоп, Кыргызстанга келет. 29 жаштагы Кусеин жаш кезинде Айшанын атасынан сабак алып, анын үй-бүлөсүн жакшы таанычу. Бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн жаштар бош кошуп, Ленинградга кетишет. Ал жактан Айша жумушчу факультетинин чыгыш бөлүмүн аяктайт. 

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү. Кийин беш жылдай Москвадагы СССР элдеринин тилдери жана жазмалары боюнча илим изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери болуп эмгектенет. Андан соң кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыгып, ал боюнча китебин окурмандарга сунуштайт. Кызыгы, Айша Карасаева ал эмгегин үйдө бала багып жүргөн кезинде жазган. Эмгекчил филолог пенсияга чыкканга чейин 30 жылдай окутуучулукту аркалап, Кыргызстанда бир топ стенографисттерди тарбиялаган. 

Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты

70 жыл бирге түтүн булатып... Жубайлар өз жашоосунда бири-бирине колдоо көрсөтүп өмүр сүргөн. Окумуштуунун байбичеси өмүрүнүн аягына чейин жолдошунун бардык илимий эмгектерин редакторлогон. Карасаевдер үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Люция чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты болгонго чейин жетишкен. Ал эми кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жетишип, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган. Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.