Абактагы Гүлнара Каримова жанын кыйдыбы? Прокуратуранын жообу

Каримова атасынын көзү тирүүсүндө 2015-жылдын августунда опузалап акча талап кылып жана салык төлөөдөн баш тартканы үчүн соттолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы социалдык тармакта өлкөнүн мурунку президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова өз өмүрүнө кол салды деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, жарым жылдан кийин өкүм жумшартылган. Ага ылайык, мөөнөтү беш жыл деп белгиленип, жазасын Ташкенттеги кызы Имандын үйүндө жашап өтөмөк. Жаза өтөө тартибин бузду деген негиз менен Каримова ушул жылдын 6-мартында колонияга которулган. Ал эми бейшемби күнү социалдык тармакта анын өз өмүрүнө кол салганы тууралуу билдирүүлөр тарай баштады.

"Эч кандай жан кыюуга аракет болгон эмес, өлүм да катталган жок. Гүлнара Каримова кадимкидей эле жазасын өтөп жатат. Бул жөн гана айың сөз", — дешти прокуратурадан.

Гүлнара Каримованы абакка отургузушту. Өзгөртүлгөн өкүм
Буга чейин Башкы прокуратура эки кылмыш ишинин негизинде Каримова келтирген чыгым 2 миллиард долларга жеткенин билдирген. Өзбекстан анын 12 өлкөдөгү активдерин камакка алууну демилгелеген. Эсептей келгенде, акчалардын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткен.

Каримова АКШ "Магнитский мыйзамынын" негизинде санкция киргизген адамдардын тизмесинде турат.