БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун эркек кишини 8-март -Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап жөнөткөн ачык каты социалдык тармакка жарыяланып талкууга түштү.
Мындай өзгөчө куттуктоону алган Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев аны өзү Facebook баракчасына жүктөгөн.
Бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин маалымат катчысы комментарий берип, Абиров өзү депутат болуп шайланган Жайыл районундагы округдун тургундарын куттуктоо үчүн 8000 открытка жасатканын билдирди. Ушул учурда ката кетип калышы мүмкүндүгү айтылат.
"Жаныбек Абиров квартал башчылары жана үй комитетинин жетекчилеринен тургундардын тизмесин алып, ар бирине куттуктоо жиберген. Мындай катага ким жол бергенин териштиребиз. Балким адамдык фактор болушу мүмкүн, ошол эле учурда муну кимдир бирөө бизди уят кылуу максатында жасаган деген күмөнүбүз бар", — деди маалымат катчы.
Ошондой эле ал Султангазиевдин өзү менен байланышып, төраганын атынан кечирим сураганын белгиледи. Куттуктоо каттарын Абиров жеке каражатына жасаткан.