БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектеги Кино үйүндө Кыргызстандагы режиссер аялдардын III кинофоруму өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.
15-16-мартта өтө турган бул иш-чара Кыргызстандагы кинематографияны, кыз-келиндер тарткан кинонун өнүгүшүн талкуулоого багытталган.
Кинофорумда төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт:
- "Голос Провинции" - режиссеру Асел Сыдыкова, Кыргызстан;
- "Жол", режиссеру Калвира Акчалова, Кыргызстан;
- "Маленькая демократия", режиссеру Алтынай Таалайбек кызы, Кыргызстан;
- "Узак", режиссеру Бегим Жолдубай кызы, док фильм, Кыргызстан;
- "Манеж", режиссеру Бекинай Токтосунова, Кыргызстан;
- "Азамат", режиссеру Назгүл Дөлөткелдиева, Кыргызстан;
- "Прятки", режиссеру Венера Каиржанова, Казакстан;
- "Чангет", режиссеру Аида Мидин кызы, Кыргызстан;
- "Crazy mom", режиссеру Жанна Курмашева, Казакстан;
- "Қыз Жібек", режиссеру Диана Турсын, Казакстан;
- "Пируэт", режиссеру Алтынай Кабылбаева, Кыргызстан;
- "Безоблачное небо", режиссеру Айзада Бекбалаева, Кыргызстан.
Иш-чаранын уюштуруучусу - "Азиянын чыгармачыл аялдар" фондусу.