Кыргыз жоокерлери айымдарды өзгөчө куттуктады. Видео

Кырктан ашуун аскер 8 санына окшоп тизилишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Социалдык тармактарга кырктан ашуун жоокер сегиз санындай тизилип айымдарды 8-март майрамы менен куттуктаган видеосу жарыяланды.

"Айымдар, майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ура! Ура! Ура!" — деп аскерлер хор менен кыйкырышкан.

Мындай куттуктоо айымдарга жагымдуу маанай тартуулаганын астына жазылган комментарийлерден байкоого болот. Азырынча бул видеону кайсы ведомствонун жоокерлери тартканы белгисиз.