Кудайбердиева: депутат Икрамовго сыйлык берүүдө мыйзам бузулган жок

Министр Facebook аркылуу түз эфирге чыгып колдонуучулардын суроолоруна жооп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева депутат Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" наамын ыйгарууда мыйзам бузуу болбогонун айтты.

"Мыкты" боло албаган мугалим көп. Икрамов алган төш белги кимге берилиши керек
Кудайбердиева Facebook аркылуу түз эфирде колдонуучулардын суроолоруна жооп берген. "Сыйлыктарды ыйгаруу иштерин статс-катчы башында турган комиссия алып барат. Жобонун 25-пунктуна ылайык, Билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкондордун эмгек тажрыйбасына карабай сыйлык ыйгарууга укуктуу. Бул жерде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин сунуштамасы болгонун да айтып койгум келет", — деди министр.

Былтыркы жылдын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" наамы ыйгарылган. Төш белгинин берилиши коомчулукта кайчы пикир, нааразычылык жараткан.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү Кайрат Осмоналиев аталган кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевге эл өкүлүнө сыйлык мыйзамсыз берилгени жана аны кайтарып алуу керектиги боюнча кат жолдогонун билдирген.