Кытайда дүйнөдөгү эң чоң аэропорт салынууда. Сүрөттөр

Аба майданы жакында ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Хэйбэй облусунун Дасин районундагы эл аралык аэропорт жылына 620 миңге чукул рейс кабыл алып, 2025-жылга чейин 45 миллион жүргүнчүнү тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул дүйнөдөгү эң ири транспорт түйүнү болмокчу.

"Пекин Дасин" (Beijing Daxing) аба майданын ишке киргизүү быйылкы жылга пландалууда. Март айынын башында сыноо иретинде учактардын биринчи сериясы кое берилген.

Кытайдын башкы терминалынын дизайнын теги ирак британиялык архитектор Заха Хадид иштеп чыккан.