Ош университетинин ректорун Улуттук университетке которуу сунушталды

Кыргызстанда 63 жогорку окуу жайы болсо, анын 32си мамлекеттик болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Кыргызстандагы мамлекеттик университеттердин ичинен Ош мамлекеттик университетинен башкасы замандын талабына ылайык имараттарды курбай, тийиштүү иштерди аткарбай жатканын айтты.

Эл өкүлүнүн билдиришинче, Кыргызстанда 63 жогорку окуу жайы бар, анда жалпысынан 167 миң 196 студент билим алат. Университеттердин ичинен 32си мамлекеттик, анда 142 миң 583 студент окуйт.

"Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кантип алууга болот? Министрликтин жобосу
"Мен Кыргызстандагы билим берүү системасында эмне болуп жатат деп мамлекеттик делген төрт университетти салыштырып көрдүм. Ош мамлекеттик университети акыркы үч жылда 12 жаңы корпус куруп, заманбап технологиялар менен жабдыптыр. Калган мамлекеттик университеттерде эч нерсе курулган эмес. Эмне үчүн? Ош мамлекеттик университети кайдан акча таап иштеп жатат? Бул университетке студенттер эмнеге көп тартылып жатат деген суроону өкмөт башчы коюш керек", — деди депутат.

Ормонов Кыргызстанда флагман делген Улуттук университет ыйкы-тыйкы шайлоолордон улам өнүкпөй жатканын белгиледи.

"Тез арада чара көрүп жакшы иштеп жаткан университеттин жетекчилеринен үлгү алып, же аларды Улуттук университеттин жетекчилигине алып келиш керек", — деди эл өкүлү.

Депутат өз сөзүндө же мугалимдердин айлыгы көтөрүлбөсө, же жаңы корпус салынбаса, өкмөт ушунун баарын көзөмөлгө алып контрактыдан түшкөн каражат кайда кетип жатканын кароо керектигин белгиледи.