Бишкектеги судьяга Башкы прокуратура эмне үчүн иш козгоду. Чоо-жайы

Иш боюнча иликтөөнү УКМКнын Тергөө боюнча башкармалыгына тапшырышты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Октябрь райондук сотунун судьясы Э. Ч. жана аталган органдын бир катар кызматкерлерине КРдин Соттор кеңешинин атайын комиссиясы карап чыккан иштин жыйынтыгынан соң кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Комиссия текшерген учурунда Э. Ч. жана Октябрь райондук сотунун башка кызматкерлеринин 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарын жок кылууга катышы бар экендиги аныкталды. Ал эми Э. Ч. өзү ооруканада жатканда административдик материалдарды караган", — деп айтылат маалыматта.

Пара алган сот аткаруучуну кармоо учуру. Акчаны принтерге катып койгон
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан сот кызматкерлери алдамчылык менен 4 миллион 711 миң сомго ээлик кылганын билдирди. Ал каражат 2015-2018-жылдары мас болуп же баңгизаттарын колдонуп жол эрежесин бузгандарга сот салган айыптан өндүрүлгөн акчалар болгон.

Топтолгон материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 320-берененин 4-бөлүмүнүн ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 204-берененин 3-бөлүмүнүн ("Ири суммадагы алдамчылык") негизинде кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки иликтөө иштери УКМКнын Тергөө боюнча башкармалыгына тапшырылган.