Азербайжан Бишкекке парк менен мектеп куруп берет

Бардык курулуш иштери Азербайжан тарабынан каржыланат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Худуш оглы Оруджев меморандумга кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Азербайжан Бишкекке мектеп менен парк куруп берет. 

Азербайжан Бишкекке парк менен мектеп куруп берет

Меморандумга ылайык, мэрия Гейдар Алиев атындагы парк үчүн Токомбаев көчөсүнөн 5,5 гектар жер бөлүп берет. Андан сырткары, 550 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп куруу үчүн Көк-Жар конушундагы Молдокулов менен Куйручук көчөлөрүнүн кесилишинен 2,24 гектар жерди бөлөт.

Бардык курулуш иштери Азербайжан тарабынан каржыланат.