Аламүдүндө 10 тонна желим бөтөлкө күйүп кетти

Кырсыктын себептери такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылында 10 тонна желим бөтөлкө өрттөнүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бөтөлкөлөр таштандыны кайра иштетүүчү заводдо болчу.

Ушу тапта өрттүн себептери такталып жатат.