БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алчалуу, Ак-Талаа, Соку-Таш, Шатырак жана Ак-Терек айылдарында кооптуу аймакта жашап жаткан жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, эл менен Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолуккан.
Жашооочуларга тез арада коопсуз аймакка көчүп кетүү милдеттемелерин алуу менен жеринде жазма эскертмелер да берилди.
Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өлкөнүн жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4000ге чукул адам жашай турганын, 1200гө чукул жерде сел жүрүү кооптуулугу күч экенин айткан.