Министрлик: быйыл жаз былтыркыга караганда эки жумага эрте келди

2019-жылы 1 миллион 219 миң 400 гектар жер айдалат. Андан сырткары, 800 гектарга чейин жаңы жерди өздөштүрүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев быйыл жаз былтыркыга караганда эки жума эрте келгенин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

"Жаз эрте келген аймактарда дыйкандар эгиндерин эгип, үрөнгө деп өкмөт тарабынан берилчү насыянын бардыгы бериле баштады", — деди ал.

Боронов: картошка сатылбай чирип кетти деген факты жок
Мурашев, андан сырткары, жазгы сугат иштерин өз учурунда өткөрүү үчүн Суу чарба департаментине 238 миллион сом каралганын айтып, анын 80 пайызы вегетациялык мезгилге чейин толук берилерин кошумчалады.

Өз кезегинде финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков 1-майга чейин 238 миллион сомдун 80 пайызы толук берилерин, учурда иштер белгиленген график боюнча кетип жатканын белгиледи.

Ал эми Мурашев 2019-жылы 1 миллион 219 миң 400 гектар жер айдаларын айтып, 800 гектарга чейин жаңы жерди өздөштүрүү пландалып жатканын кошумчалады.