Кумурсканын бриллиант уурдап баратканы видеого түшүп калган

Кумурска зергердин бриллиантын "уурдоого" аракет кылды. Ал өзүнөн эки эсе чоң болгон ташты көтөрүп кетүүгө аракет кылган.
Sputnik

Кумурскалар тынбай иштегенден сырткары асыл таштарды да ажыратып билет көрүнөт. Өзүнөн эки эсе келген жалтыраган бриллиантты "уурдап" бараткан кумурска видеого түшүп калган.

Ары күлкүлүү, ары кызыктуу окуя Италияда өтүп жаткан азем буюмдардын көргөзмөсүндө болгон.