БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Кара-Суу районунун Мады айылындагы эшек фермасы дагы деле жабылбай, элди кыжалат кылып жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Эл өкүлү Мады айылындагы эшек фермасы экологияга, тамак-аш коопсуздугуна, элдин ден соолугуна коркунуч жаратып жатканына токтолду.
"Ачык жерге ташталган эшектин өлүктөрү жана тоо болуп үйүлгөн кыктарга, сасык жытка чогулган түрдүү жугуштуу ооруларды пайда кылуучу чымындар оорукана, бала бакча, базарларды каптап, элдин тынчын кетирүүдө. Кыргыздын жети атасы эч качан эшек менен байыган эмес. Кара-Суу районунун Мады айылынын тургундары өкмөткө нааразы", — деди депутат.
Шайназаров аталган эшек фермасында үч миңдей эшек багыларын белгилеп, бул маселени былтыр жай айында да көтөргөндө Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы аны жабабыз деп сөз бергенин, бирок убадага турбай жатканын билдирди.
Өз кезегинде Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов эшек идентификациялык каттоодо жылкылар тукумуна кирерин, ферма бирөөнүн менчиги болгондуктан жана жасаган иштери эл аралык нормаларга туура келгендиктен тыюу сала албай тургандыктарын билдирди.
"Сиздин сурооңуз боюнча комиссия түзүп Мады айылына барып карадык. Башында кемчиликтери бар болчу, кийин ветеринардык жана санитардык талапка ылайык жасап коюптур. Ал жакта Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери иштейт экен. Туура эмес иш кыла турган болсок, алар да мыйзамга таянып тийиштүү жактарга кайрыла алат. 2014-2015-жылдары эшек союп ар кайсы жерге таштап, айрымдары базарларга да чыгып кетти делген маалыматтар болгон. Эшектин териси баа экен да. Андыктан алар (эшектин өлүгү — ред.) көрүнгөн жерге ташталбасын деп тирүүлөй алып чыгып кеткенге уруксат берип жатабыз", — деди ал.
Жумаканов ошондой эле бул маселе алардын тыкыр көзөмөлүндө экенин кошумчалады.