Окуянын видеосун окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына жөнөттү. Видео Бишкек шаарынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын имаратынан анча алыс эмес жерде, Горький менен Белорусская көчөлөрүнүн кесилишинен авторегистраторго тартылып калган.
Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа Горький менен батышты көздөй бара жатып, Белорусская көчөсүнөн дароо бурулуп, айдоочу рулду башкара албай дарбазаны сүзгөн. Анын артынан келе жаткан ЖКККБнын атайын машинасы да бурулуп, инспекторлор автоунаадан чуркап чыккан. Бирок айдоочу автосун Горький көчөсүнө буруп, качып кеткен. Автоинспекторлор болсо окуя болгон жерде калып калган.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы аталган окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдиришти.