Гүлнара Каримованы абакка отургузушту. Өзгөртүлгөн өкүм

Президенттин кызына мыйзам бекиткен бир катар тартиптер менен чектөөлөрдү сактоону эскертишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. – Sputnik. Өзбекстандын мурдагы президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованы өтөп жаткан жазасынын шартын бузгандыгы үчүн абакка которушту. Бул туурасында Өзбекстандын прокуратурасынан кабарлашты.

80ге толмок... Ислам Каримов бала кезинде кандай болгонун жубайы айтып берди
Шейшемби күнү Гүлнара Каримованын кызы Иман энесин Башкы прокуратуранын кызматкерлери Ташкенттеги батиринен "уурдап кетишкенин" билдирген. Ал үйдө президенттин улуу кызы 2018-жылдын июнь айынан тарта шарттуу түрдө бошотулгандан тарта жашап жаткан.

Буга чейин Каримова 2015-жылдын август айында салыктарын жашырып жана акча талап кылганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган.

"Жаза өтөө тартибин одоно бузганы үчүн Яшнабад райондук соту 2019-жылдын 5-мартында Каримованын жаза өтөө мөөнөтүн алмаштыруу чечимин кабыл алды. Жазык аткаруу мыйзамдарынын негизинде эми жаза мөөнөтүнүн калган мезгилин жалпы тартиптеги абакта өткөрөт", — деп жазылган маалыматта.

Ведомствонун маалыматына караганда, Каримова Ташкент облустук соту тарабынан 2017-жылдын 18-декабрында 10 жылга эркинен ажыратылган. 2018-жылдын 1-июлунда өкүм өзгөртүлүп, жазаны кызы Иман жашаган жерден (Ташкент) өтөө чечими чыгарылган. Прокуратура өкүм буга чейин Гүлнаранын "кылмыштуу жол менен мамлекетке келтирген чыгымдарын кайтарып берүү" милдетин алгандан кийин жана гумандуулук принциптеринен улам өзгөртүлгөндүгүн кабарлаган.

Президенттин кызына мыйзам бекиткен бир катар тартиптер менен чектөөлөрдү сактоону эскертишкен. Тагыраагы, жашап турган жайын таштап кетпөө, телефон менен интернетти колдонбоо, андан сырткары, келтирген чыгымдарды кайтаруу милдети болгон.

"Анткен менен Гүлнара Каримова жазасын өтөө эрежесин улам-улам бузуп, соттун чектөөлөрүнөн четке чыгып, милдеттерин аткарган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Февраль айында Каримованын уулу Ислам Instagram баракчасына тергөө органдары энесине басым көрсөтүп жатканын жазган. Анын айтымында, Гүлнарага медициналык жардамды өз учурунда көрсөтпөй келишет.

ЖМК: Гүлнара Каримованын үйүнөн 38 млн. долларлык азем буюмдар табылды
Мындай маалыматты четке каккан Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Каримовага дарыгерлер келип жаткандыгын, анын ичинен "өзү каалаган" доктурлар караганын айтышкан.

Буга чейин Башкы прокуратура эки кылмыш ишинин негизинде Каримова келтирген чыгым 2 миллиард долларга жеткенин билдирген. Өзбекстан анын 12 өлкөдөгү активдерин камакка алууну демилгелеген. Эсептей келгенде, акчалардын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткен.

Каримова АКШ "Магнитский мыйзамынын" негизинде санкция киргизген адамдардын тизмесинде турат.