БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев картошканы экспорттоо боюнча бир гана Айыл чарба министрлиги ур-тепкиге алынып жатканын, аныгында экспорттоо ишине Экономика жана Тышкы иштер министрликтеринин да түздөн-түз тиешеси бар экенин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Турсунбаев биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновго кайрылып: "Картошканы сатып өткөрүүгө Экономика министрлиги укуктуубу?" - деп суроо салды.
Ал эми Боронов бир товарды түздөн-түз сатып өткөрүүгө бир да мамлекеттик органдын укугу жок экенин билдирди.
"Түздөн-түз алып сатуу иштерине кийлигишүүгө бир да мамлекеттик органдын укугу жок. Алар ошого шарт түзүү боюнча иштерди аткарууга милдеттүү, Экономика жана Айыл чарба министрликтери өз уставына жараша иш-аракеттерин жүргүзүүдө", — деди Боронов.
Депутат анда товарларды сыртка экспорттоо боюнча ким иш алып барарына кызыкты.
Биринчи вице-премьер базар экономикасында жашап жаткандыктан ар бир өндүрүүчү өзү же кардарлары аркылуу алып чыгарын, мамлекет ага шарт түзүп бериши керектигин белгиледи.
Бирок депутат өкмөттүн өкүлүнүн берген жообуна канааттанбай, картошканы сатуу иштерине керек болсо элчилер да көмөктөшүүсү керектигин айтты.
"Экономика министрлигинин ошого түздөн-түз тиешеси бар (экспортко — ред.), алар эмне кылып отурат? Тышкы иштер министрлигинин тийиштиги барбы? Элчилер кыймылдабастан эмнеге отурат?" — деди эл өкүлү.
Турсунбаевдин айтымында, картошканы сатуу үчүн учурда бир гана Өзбекстандагы элчи чуркап жүрөт.
Эл өкүлү айыл чарба министрин эле карап отура бербей, бул иш боюнча дал ушул Панкратов чуркашы керектигин кошумчалады.
Ал эми Боронов депутаттын сунушун карап көрүшөрүн, Панкратов сырттагы иштерге, анын ичинде ЕАЭБдин жумуштары боюнча көп нерсе жасап жатканын айтты.