Чүйдө айдоочуну аткылап, 315 миң долларын алып кетишти

Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар унааны аткылап, жыйынтыгында айдоочу автону башкара албай тосмону сүздү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

Окуя 6-мартка караган түнү 2.00дө болду. Кол салгандар айдоочунун 315 миң долларын алып кеткен.

Учурда укук коргоо органдары кылмышкерлерди издеп жатат. Кол салуу фактысын Чүй облустук милициясы тастыктады.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.