Рактан корккон үч бир тууган ашказанын алдырып салды

Алардын апасы жана эжеси дал ушул илдеттен көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Улуу Британияда үч бир тууган рак илдетин алдын алуу үчүн ашказандарын алдырып салды. Бул туурасында BBC жазды.

София, Тахир жана Омар Хан аттуу бир туугандар эжеси ашказандын залалдуу шишигинен каза болгондон кийин ооруканага кайрылышкан. Анткени бул илдеттен бир нече жыл мурда апасы дагы көз жумган экен.

"Бул тукум кууган балакет болушу мүмкүн десем инилерим ишенген эмес. Баарыбыз анализ тапшырып көрсөк, дарыгерлер бизде чындап эле ашказан рагына кабылуу коркунучу бар экенин айтышты", — деп жазды 39 жаштагы София.

Ашыгы үчүн төшүн чоңойтмокчу болгон келин майып болуп кала жаздады
Жыйынтыгында үчөө тең операция жолу менен негизги тамак сиңирүү органын алдырышты.

Мындай операция көбүнесе ашказандын айыккыс ооруларына кабылган адамдарга жасалат. Анда органдын үчтөн эки же төрттөн үч бөлүгүн алып салышат. Мындан кийин маал-маалы менен текшерилип, туура тамактанган адамдар 70-80 жашка чейин жашай алышат.