Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Сүрөт

Буга чейин ӨКМ дүйшөмбү күнү кечинде шамал болорун эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Таластын Манас районунда катуу шамал жергиликтүү мектептин чатырын учуруп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя 4-март күнү Кайыңды айыл аймагында болгон. Алар айылында саат 17.00дөн 18.00гө чейин катуу шамал болуп, Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метрлик темир чатырын учуруп кеткен. Окуу жайдын сүрөттөрү Facebook тармагына жарыяланды.

Ушу тапта материалдык зыян такталып жатат. Жабыркагандар катталган жок.

Кечээ ӨКМ шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетерин эскерткен.