Рыскелди Момбеков УКМКга эмнеге келди? Расмий жооп

Бүгүн атамекендик айрым ЖМКлар депутат Рыскелди Момбеков ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолуккан учурда айткан сөздөрү үчүн УКМКга суракка чакырылганын жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы менен жумушчу жолугушуу үчүн келди. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ал ошондой эле депутатты эч ким суракка чакырбаганын кошумчалады.

"Депутат УКМКнын төрагасы менен жумушчу жолугушуу үчүн эле келди", — деди ал.

Бүгүн атамекендик айрым ЖМКлар депутат Рыскелди Момбеков ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолуккан учурда соттор бул жакта жашагандарга адилетсиз чечим чыгарып жатканы тууралуу айткан сөздөрү үчүн УКМКга суракка чакырылганын жазышкан.