Аялдар топ тебет. Депутат, министрдин орун басары өспүрүмдөр менен ойнойт

Азырынча он оюнчу анык болду, бирок тизме жабыла элек.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Аялдардын футбол боюнча Бишкек шаарында өтө турган фестивалынын жаңы катышуучуларынын аты белгилүү болду. Бул туурасында Кыргызстандын Футбол боюнча федерациясынан кабарлашты.

Аялдардын эл аралык майрамын утурлай Кыргызстандын Футбол федерациясы менен БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ) "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" аттуу фестиваль уюштурууда.

Кыргызстан алгачкы ирет кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатына барат
Бишкектеги жаңы конуштардагы өспүрүм кыздар өлкөдөгү белгилүү айымдар менен (саясат, бизнес, журналистика ж.б. тармактагы) футбол ойнойт.

Алардын арасында саясатчылар, бизнестеги аялдар, пиар кызматы менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бар. Буга чейин беш кыз-келин катыша тургандыгын билдирген.

Эми өлкөгө белгилүү болгон дагы беш аял өспүрүм кыздар менен ойноого макулдугун берди.

Алардын арасында эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министринин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, ишкерлер бар.

Тизме:

  • Ализа Солтонбекова — эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары;
  • Эльвира Сурабалдиева —Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Бермет Төлөгөнова — КРдин аялдар футболу боюнча Ассоциациясынын президенти;
  • Айжан Чыныбаева — ишкер;
  • Мээрим Таабалдиева — ишкер.

Федерациядан бул тизме дагы уланаарын айтышты.