БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги "5-каналдын" алып баруучусу Нарын Айып өлкөдө генерал И. В. Панфилов атындагы жаш армиянын отряды түзүлгөнүн, Кыргызстандын жаштары Россиянын адмиралына ант бергени тууралуу сюжетине түшүндүрмө берди.
Элчиликтен маалымдашкандай, 21-февралда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кара деңиз флотунун "Кызыл туу" ансамблинин концерти болгонун, ага чейин башка иш-чара өткөнүн кабарлады.
"4-мартта "Бешинчи каналдын" эфиринен "О главном" берүүсүнүн алып баруучусу Нарын Айып Кыргызстанда генерал Панфилов атындагы жаш армиянын отряды түзүлгөнүн айтты. Ал жерден уялбастан эле суверендүү Кыргызстандын жаштары Россиянын контр-адмиралына ант беришкени белгиленди... Бул иш-чарада Россиянын Кыргызстандагы биргелешкен аскер базаларында кызмат кылгандардын балдары бүткүл россиялык өспүрүмдөрдүн "Юнармия" аскер-патриот отрядына кабыл алынган. Россиянын элчилиги өлкөдө популярдуу болгон телеканалдан фейк кабарлардын көрсөтүлүүсүнө жол берилбеши керек деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.
"Программанын авторлору дүйнөгө таанымал Кара деңиз флотунун артисттеринин алдын ала кабарланган концертине барбаганы өкүндүрөт. Себеби атайыланган калп маалымат чыкпайт болчу", — деп элчиликтен кошумчалашты.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы мындай сюжеттердин авторлору тигил же бул нерсени жетекчиликке алышпасын, Россия жана Кыргызстандын элинин чыныгы кызыкчылыктарынан алыс болгондордун жетегинде калганын белгиледи.