Ички аскердин жаңы кол башчысы курамга тааныштырылды

Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылып, Куралдуу күчтөрдүн тутумуна кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары Алмаз Орозалиев ИИМдин ички аскеринин кол башчысы, полковник Исламбек Кенжекуловду өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 10-сентябрында "Кыргызстандын ички аскери жөнүндөгү" Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылып, Куралдуу күчтөрдүн тутумуна кирген.

"Бул Жарлыктын башкы максаты — коомдук тартипти, жеке инсандын, коомдун коопсуздугун камсыздоо жана мамлекеттин тутумун жакшыртуу. Ошондой эле мамлекеттик деңгээлде маанилүү болгон объектилерди коргоо болуп саналат. Ички аскер Улуттук гвардиянын курамында болуп турганда мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болчу", — деп айтылат маалыматта.

Жунушалиев Кенжекуловдун түрдүү жетекчилик кызматтарда иштегенин билдирди.

"Исламбек Кенжекуловдун практикада топтогон тажрыйбасы тапшырмаларды ийгиликтүү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди Жунушалиев.

Кол башчынын таржымалы:

Кенжекулов Исламбек Абдирашитович 1968-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясын аяктаган. 1997-жылы ички иштер органдарындагы кызматын баштаган.