БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Түштүк Калифорнияда пляждын жээгинен буга чейин такыр кездешпеген балык табылды. Бул тууралуу CNN жазды.
Суу жаныбары тегерек формада. Узундугу 2,1 метрди түзөт.
Балыктын сүрөтү социалдык тармакка жарыялангандан кийин австралиялык океанолог Марианна Найгаард бул Худвинкер деген жандык экенин айтып берген.
"Бул балыктардын куйругу жана тиши жок болот", — деп изилдөөчү билдирген.
Маалыматта белгиленгендей, мындай суу жаныбары Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Африка жана Чилиде гана кездешет. Биологдор балык кандайча экваторду кесип өтүп башка аймакка түшүп калганына таңыркашууда.