Forbes байманасы ашып-ташкандарды аныктап чыкты. Рейтинг

Быйылкы эң бай эркек келерки жылы тизмеге кирбей калышы дагы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Америкалык Forbes журналы 2019-жылдагы эң бай эркектер менен аялдардын тизмесин жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.

Amazon онлайн-ритейлеринин негиздөөчүсү Жефф Безос бир жыл ичинде байлыгын 19 миллиард долларга көбөйтүп, бул жолу дагы тизме башында калды. Биринчи орунга ал 2018-жылдын март айында Microsoft компаниясынын кожоюну Билл Гейтстен озуп кеткенден кийин чыккан.

Forbes байманасы ашып-ташкандарды аныктап чыкты. Рейтинг

Учурда анын байлыгы 131 миллиард доллар деп бааланууда. Бирок келерки жылы бул сумма тең экиге бөлүнүп калышы мүмкүн. Анткени жыл башында анын жубайы Маккензи Безос ажыраша турганын билдирген. Мыйзамга ылайык, Маккензи айым ажырашуудан кийин күйөөсүнүн байлыгынын теңин алат. Мындай учурда ал дүйнөдөгү эң бай аял болуп калат.

Ал эми азырынча бул позицияны L`Oreal косметикалык империясынын мураскери Франсуаза Бетанкур-Майерс 49,3 миллиард доллары менен ээлеп турат. Ал дүйнөдөгү миллиондогон аялдарга көрк берген чач боегун ойлоп таап, аталган фирманы негиздеген Эжен Шуллердин жалгыз небереси.