Кыргызстандын жер көчө турган жерлеринде 4000дей адам жашайт

Президенттин айтымында, эл арасындагы түшүндүрүү иштери биринчи кезекте адамдардын өлүмүнө жол бербөөгө, материалдык чыгымдарды азайтууга багытталышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Өлкөнүн жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4000ге чукул адам жашайт. 1200гө чукул жерде сел жүрүү кооптуулугу күч. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын айтымында, жолугушууда жаз-жай мезгилинде калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери талкууланды. Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу алкагында жасалган иштер жана болжолдонгон иш-чаралар жөнүндө маалымат берген.

"Жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4 миңге чукул адам жашайт. 1200гө чукул жерлерде сел коркунучу бар. Коркунучтуу аймактардан калкты убактылуу жана туруктуу жашай турган жерлерге көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Каналдар тазаланып, дайралардын жээктери бекемделүүдө", — деди ал.

ӨКМ сел жүрө турган кооптуу аймактарды атады
Мамлекет башчысы сел жана жер көчкү коркунучу бар жерлерден калкты коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунуш кылды. Президенттин айтымында, эл арасындагы түшүндүрүү иштери биринчи кезекте адамдардын өлүмүнүн болуусуна жол бербөөгө, материалдык чыгымдарды азайтууга багытталышы керек.

Мындан тышкары, Жээнбеков өрт коопсуздугун камсыз кылуу, аба ырайынын шарттарына мониторинг жасап жана талдап туруу, дамбаларды жана дайра жээктерин бекемдөө, селдердин жана жер көчкүлөрдүн алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.