Кыргызстандыктар Сауд Аравияда өзүн жакшы эле алып жүрөт. Катышуучунун видеосу

Буга чейин социалдык тармакка кыргызстандык журналист мекендештеринин чет өлкөдөгү өөн жүрүм-турумунун видеосун жарыялаган.
Sputnik

Camel Fest этнофестивалына барган кыргызстандыктар тамак талашкан жок жана алардын башкалар менен жөөлөшкөн учурун кездештирген жокпуз. Бул билдирүүнү делегациянын костюмери, иш-чаранын катышуучусу Аманат Иманалиев билдирди.

Сауд Аравияга бараткан бүркүт, тайган, топоздордун сүрөттөрү
Ал Sputnik Кыргызстандын WhatsApp каналына мекендештеринин тамак ичип отурган учурун видеого тартып алып жөнөткөн. Роликте ал кыргызстандыктардын эч ким менен тамак талашпай, урушпай, сабырдуу жүргөндүгүн айткан. Иманалиев социалдык тармакты "чагымчыл маалыматка" алдырбаш керектигин суранган.

Эске салсак, Camel Fest иш-чарасы 9-марттан 23-мартка чейин өтөт. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага жалпысынан Кыргызстандан 2 миңдей адам катышса, 400ү 2-март күнү жөнөп кеткен.

Ал жактан "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулат.

Буга чейин журналист Бегимай Жаныбекова социалдык тармакка Сауд Аравияда жүргөн кыргызстандыктардын жүрүм-туруму уят кылып жатат деген маанайда пост жазган.

Анын айтымында, мекендештер даярдаган дасторконго жабыша калып, табактарына тамакты толтуруп алышат.

“Анысы аз келгенсип бөлмөсүнө ящиктеп суусундук көтөрүп кетет. Же анын баарын түгөтпөйт, ашканага эртерээк келип калгандары кызматкерлердин шаштысын кетирет”, - деп сүрөттөгөн.

Ал текст менен кошо тамак ичкен учурда эркек кишинин бутун стулдун үстүнө коюп алган учурун тартып алган.