НАСА космостук кеменин станцияга кошулган видеосун жарыялады

Бортто Репли аттуу манекен бар.
Sputnik

БИШКЕК, 4 мар — Sputnik. НАСА Dragon-2 (Crew Dragon) космостук кеме менен эл аралык космостук станциянын жалгашкан видеосун чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Twitter тармагына жарыяланган кадрда көрүнүп тургандай, кеме эл аралык IDA адаптерин колдонуу менен автоматтык режимде станцияга жармашкан.

​Кеме станцияга 3-мартта Бишкек убактысы боюнча 16:51де кошулган. Бортто Репли аттуу манекен бар.