Окумуштуулар адам караңгыда көрө турган препарат жасашты

Кытай окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан технология тажрыйба катары чычкандарга жүргүзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кытай окумуштуулары адам караңгыда көрө ала турган технологияны иштеп чыкканын ВВС жазды.

Булуттар жок болуп кетиши мүмкүн. Андан ары эмне болорун адистер айтып берди
Изилдөөлөргө караганда, көздүн тор кабыгына нано бөлүкчөлөрдү жука катмар кылып сүйкөсө, фоторецепторлор инфракызыл нурданууга реакция кыла баштайт. Натыйжада адам караңгыда көрүп калат.

Кытайдын илимий-техникалык университетинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан жаңы техника тажрыйба катары чычкандарга ийгиликтүү жүргүзүлгөн. Жаныбардын көзүнүн тор кабыгына препарат сүйкөлгөндөн кийин алар 10 жума караңгыда көрө алган.

Маалыматта белгиленгендей, препараттын терс жагы — көздүн чели тунарып кеткенинде. Бирок ал бир жумадан кийин тараган.