Радио

Шайназаров: дарыгерлер чөнтөгүн эле ойлой бербей, Кудайдан дагы коркушса

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Гиппократтын антын унуткан дарыгерлер көп экендигин айтты.
Sputnik
Шайназаров: дарыгерлер чөнтөгүн эле ойлой бербей, Кудайдан дагы коркушса

Органдарды трансплантациялоо жаатында иштер жүргүзүлүшү керек. Бирок бардык көйгөй финансылык каражатка келип такалат. Бул тууралуу Тынчтык Шайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бардык көйгөйдү Саламаттык сактоо министрлигине гана жүктөп салбастан, маселени комплекстүү чечүү зарыл.

"Медицина тармагындагылар Кудайдан, уяттан жана мыйзамдан коркушу керек. Алар Гиппократтын антын беришкен, бирок аны унутуп калгандар көп. Доктурларда коркуу сезими болушу зарыл. Чөнтөктү, капчыкты эле ойлой бербей, Кудайдан дагы коркуу абзел. Трансплантациялоо маселеси бизде көптөн бери көтөрүлүп жүрөт. Бирок баягы эле акча жок, каражат жок деген жоопту угабыз. Ошол эле гемодиализдин жоктугунан улам канча адам көз жумду. Бул маселени бир гана Саламаттык сактоо министрлигине жүктөп салбай, комплекстүү чечишибиз керек", — деди Шайназаров.

Ошондой эле эл өкүлү фармкомпаниялар менен медициналык мекемелер ортосунда мыйзамсыз сүйлөшүп алуу иш-аракеттери бар экендигин кошумчалады.