Бишкекте балдарды жол эрежесин сактоого чакырган акция өттү

Акциянын максаты - чоңдор менен жаш балдарды жол эрежесин сактоого үгүттөө.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен Бишкек ШИИБи "Коопсуздукту сактап үлгү бол" аттуу акция өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, борбор калаадагы соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада балдар жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча маалымат алышты. Бишкек менен Чүй облусундагы өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлор түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Эми ылдамдыкты нормадан саатына 10 чакырымдан ашырсаң айыпка жыгыласың
Жаш инспекторлор арасында туура басуу, жол эрежесин билүү боюнча жарыш да уюштурулду.

Акциянын максаты - чоңдор менен жаш балдарды жол эрежесин сактоого үгүттөө. Анткени жаздын келиши менен ролик, велосипед жана самокат тепкен балдар машина өтчү жолдорго чейин чыгып кетишет.

ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев балдардын кийиминде жарык чагылдыруучу элементтердин болуусу керектигин эскертти.

Ал эми Бишкек ШИИБдин коопсуздукту камсыздоо кызматынын башчысы Талантбек Иманкадыров чоңдорду балдардын коопсуздугуна көңүл бөлүүгө чакырды.