600 аттын күчү бар... Араб шейхи элде жок унаасын көрсөттү. Видео

Абу-Дабинин башкаруучу династиясынын шейхи Хамад Бин Хамдан аль Нахайян коомчулукка өзү буйрутма кылып жасаткан "дүйнөдөгү эң чоң жолтандабасты" көргөздү.
Sputnik

Ири унаа Dhabiyan 24 тонна болсо, узундугу 11 метр, ал эми бийиктиги 3,5 метрди түзөт. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 600 аргымактын күчүнө тең.

Тактыга отурам деп талаада кала жаздады. Кемпирдин видеосу
10 дөңгөлөктүү унаа Oshkosh M1075 аскер машинасынын негизинде куралган. Алды 40-жылдагы жүк ташуучу унааны элестетсе, кабинасы — заманбап Jeep Wrangler Unlimited унаасыныкына окшош, чырактары — Ford Super Duty үлгүсүнөн алынса, ал эми арткы бампери — Dodge Dart машинасын элестетип турат.

RT маалымдагандай, жолтандабас БАЭнин түндүк-чыгышындагы Аль-Мадам шаарында жайгашкан Өзгөчө унаалардын тарыхый музейине коюлмакчы.

Социалдык тармактын колдонуучулары араб шейхинин мындай чоң унааны жаратуусуна фантастикалык "Безумный Макс" жана "Трансформеры" тасмалары таасир тийгизген деп айтышууда. Айрым каттаалуучулар дал ушул унаа сериянын кийинки чыгарылыштарына кирип калышы мүмкүн экендигин жазышкан.