Апта ирмеми: Меркелди билектен алган Макрондон паранжачан аялга чейин

Sputnik

Ханой (Вьетнам) шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолукту.

Каирде поезд катуу ылдамдык менен келип автобекеттин имаратын сүздү. Анын кесепетинен 20дан ашык киши каза болуп, 50дөйү жаракат алды.

Мушкер кызга суу жуткурган Кумар Жалиев... Кикбоксчулардын беттешинен 14 сүрөт
Россиянын Красноярск шаарында Бүткүл дүйнөлүк XXIX кышкы универсиада ачылды.

Бишкекте кикбоксинг боюнча Max Pro K1 эл аралык турнири өттү.

Алжирде президент Абдельазиз Бутефликанын бешинчи мөөнөткө шайланышына каршы болгондор жүрүшкө чыкты.

Калифорниянын түндүгүндөгү бир катар калктуу конуштарды Русская дарыясы каптады.

Москвада Ички иштер министрлигинин имаратында курал-жарактардын көргөзмөсү өттү.

Голливудда "Оскар" сыйлыгынын 91-салтанаты болуп өттү. Москвада пляж футболу боюнча клубдук дүйнөлүк чемпионат өтүүдө.

1 / 21
Түштүк Кореянын "Кара шумкар" учкучтар тобу Япониянын колониалдык башкаруусунан бошотулганынын 100 жылдыгына карата өтчү иш-чарага даярдык учурунда
2 / 21
Президент США Дональд Трамп и лидер КНДР Ким Чен Ын на встрече в Ханое.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Вьетнамдын Ханой шаарында жолукту. Алар 2,5 сааттай сүйлөштү.
3 / 21
Москвада пляж футболу боюнча клубдук дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Сүрөттө "Спартак" командасынын дарбазачысы Денис Пархоменко.
4 / 21
"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" аскери Дейр-эз-зор провинциясына жакын жердеги Багуз айылынан аялды текшерүүдө
5 / 21
Кыргызстандык Дастан Шаршеев россиялык мушкер Алексей Додоновду Бишкекте өткөн кикбоксинг боюнча Max Pro K1 эл аралык туниринде нокаут менен жеңип алды
6 / 21
Дизайнер Мария Нрация Кьюри Парижде өткөн Christian Dior мода жумалыгында коллекциясын көрсөттү
7 / 21
Россиянын президенти Владимир Путин ички иштер министри Владимир Колокольцев менен келечектүү курал-жарактардын үлгүсүн карап жатат
8 / 21
Германиянын Майнц шаарында салтка айланган жазгы фестивалга даярдык көрүлүүдө
9 / 21
Рованиеминин (Финляндия) асманындагы түндүк уюл жаркырагы
10 / 21
Алжирдин президенти Абдельазиздин бешинчи мөөнөткө шайланышына каршы уюштурулган демонстрация
11 / 21
Русская дарыясы АКШнын Калифорния штатынын түндүгүндөгү бир нече калктуу конушту каптап кеткен. Селден улам айрым көчөлөрдө эл кайык менен гана жүрүп калды.
Дарыя Форт-Росс чебинен анча алыс эмес жерден өтөт. Ал жакта XIX кылымда орус кыштагы болгону айтылат.
12 / 21
Индиялык жумушчу Ахмадабаддагы Gujarat Metro Rail Corporation Limited туннелинен чыгып жатат
13 / 21
Красноярскиде XXIX Дүйнөлүк кышкы универсиаданын ачылыш салтанатында ырдап чыккан Зара
14 / 21
Испаниянын Санта-Крус-де-Тенерифада өтүп жаткан "Карнавалдын ханышасы" наамына талапкер
15 / 21
Ырчы Леди Гаага "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде
16 / 21
Москвада сноуборд боюнча өткөн Grand Prix De Russie 2019 дүйнөлүк турниринде өнөрүн көрсөтүп жаткан Михаил Матвеев (Россия)
17 / 21
Германиянын Кельн шаарында көчө карнавалынын катышуучулары
18 / 21
28-февраль күнү Египеттин Каир шаарында машинисти жок локомотив катуу ылдамдык менен келе жатып Рамсис бекетинин имаратын сүзүп, андан кийин жарылып кеткен. Өрттүн кесепетинен ар кыл маалымат боюнча 22ден 28ге чейин адам көз жумганы айтылууда. Дагы 50дөй киши жабыркаган.
19 / 21
Сан-Паулудагы (Бразилия) карнавалга арналган кеченин катышуучулары
20 / 21
Мексика менен АКШнын ортосундагы тосмонун коюлушуна каршы чыккандар чек ара дарбазасынан кол алышып жатышат
21 / 21
Франция президенти Эммануэль Макрон Елисей сарайында Германия канцлери Ангела Меркелди тосуп алууда