Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө

Шаар тургундары көчөлөрдүн биринде эки сызык катары менен чийилгенин айтып, сүрөттөрүн социалдык тармактан бөлүшүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. ИИМ Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы муниципалдык кызматтарга туура эмес тапшырма бергендиктен Бишкектин айрым көчөлөрүнө катары менен эки чийин түшүрүлгөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаа тургундары жолго түшүрүлгөн туура эмес чийиндердин сүрөтүн социалдык тармактарга бөлүшүп жатат. Anarbek IM аттуу колдонуучу "Бишкек сегодня" тайпасына Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги чийиндин сүрөтүн жөнөттү.

Кээ бир колдонуучулар бул чийиндер велосипед тепкендер үчүн чийилгенин айтып, шакаба чегишти.

Айрым шаар тургундары мындай чийиндерди Ахунбаев көчөсүнөн да көргөнүн жазышты.

"ЖКККББ жол чийиндери боюнча туура эмес тапшырма берген, биз аны аткаруучу орган катары аткардык. Мындай катачылыктардан улам ашыкча каражат жумшоого туура келип жатат", — дешти мэриядан.

Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө

Муниципалитеттен маалымдашкандай, учурда ашыкча чийилген жол чийиндери тазаланып жатат. Кечке чейин иштер толук аяктайт.