Жыландын уйкудагы кемпирге кол салган учуру. Таиланддагы окуянын видеосу

Таиландда питон уктап жаткан пенсионердин кыймылдаган бутун башка жылан деп кабыл алганы айтылат.
Sputnik

Окуя бөлмөдөгү веб-камерага түшүп, аны The Sun басылмасы жарыялады. 

Маалыматка караганда, окуя Бангкок шаарында болду. 75 жаштагы пенсионер аялдын бөлмөсүнө жылан суу түтүгү аркылуу кирген. Кадрларда көрүнүп тургандай, ал сойлоп келип аялдын кыймылдаган буттарына үңүлүп калат. Адистердин айтымында, ал аны башка жылан деген ойдо коргонуу максатында тиштеп алган.

"Жаман түш көрүп жаткансып кыйналып чыктым. Бутум тыз дей түшкөнүнөн көзүмдү ачсам, жерде жылан сойлоп жүрөт. Жүрөгүм түшүп калды", — деди аял.

Жыйынтыгында пенсионер менен баласы куткаруу кызматын чакырышкан. Алар жуунучу бөлмөгө кирип алгач жыланды кармап, кайра эркиндикке кое берүү үчүн алып кетишкени кабарланды.