Кайыгы калып, өздөрү жок. Жети-Өгүздө балыкчы жубайлар изделүүдө

Алар 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 3:00дөр чамасында көлгө балык уулоого чыгып кеткен.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 3-мар. — Sputnik. Учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда эки күн мурда балык уулоо үчүн чыгып кеткен жубайлар изделип жатат.

Жыл башынан бери 99 бала жоголгон. Алардын коркунучтуу оюн менен байланышы барбы
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Тынарбек Мурашев аларга кабар милициядан түшкөнүн айтты.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, Кызыл-Суу айыл аймагынын Кирпичный айылынын тургундары 38 жаштагы аялы менен 40 жаштагы күйөөсү 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 03:00дөр чамасында көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

"Жоголгон балыкчылардын туугандары алгач эч бир кызматка кабарлабай, өз алдынча издөө ишин жүгүзүшкөн. Айыл өкмөткө 3-мартта билдиришкен. Алар милицияга кабарлашып, алар аркылуу бизге маалымат берилди. Учурда издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылууда", — деп билдирди Мурашев.

Анын айтымында, балыкчынын кайыгы 2-мартта Жети-Өгүз районунун Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы аймакта көлдөн саат 18:00дө табылган.

Азыркы учурда Каракол шаарынын куткаруучулары менен Жети-Өгүз районунун куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен бирге издөө иштерине киришти.