YouTube балдар көрсөтүлгөн видеого комментарий жазууга тыюу салды

Саамалык педофилияга каршы күрөшүүгө багытталган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. YouTube видеоплатформасынын жетекчилиги жашы жете элек балдар көрсөтүлгөн видеонун баарына комментарий жазууга тыюу салды. Бул тууралуу YouTube Creators блогунда айтылат.

Маалыматка ылайык, пикирлерди иргеп, видеохостингдин администрациясы менен дайым байланышта боло алган бир нече каналдын гана комментарий калтыруу укугу болот.

Майкл Жексондун педофилия боюнча суракка алынган видеосу жарыяланды
Мындай чара интернеттеги педофилия менен күрөшүүгө багытталган.

New York Times гезитинин жазганына караганда, бир нече айдын аралыгында балдар менен өспүрүмдөрдү коргоо иш-чаралары активдешет. Чектөө кадрда 13 жашка чейин балдар жана жашы жете элек өспүрүмдөр көрсөтүлгөн видеолорго коюлат. Мындай балдардын айрым кишилердин кылмыштуу жоругуна кабылуу кооптуулугу күч экени айтылууда.

Эскерте кетсек, педофил болушу мүмкүн делгендер 2017-жылы YouTube кызматкерлери тарабынан табылган. Компания ошол замат чара көрөрүн айтып, платформаны тазалай баштаган.