Ыкшып күлүп, жөтөлүп. Ачууланган тоту куштун күлкүлүү видеосу

Үй жаныбарларынын жакшы маанай тартуулап, көңүлдү көтөргөн учурларын дүйнөлүк торчодон көп кездештирүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ачууланган тоту куш ээсинин колун аз жерден тиштеп ала жаздап, бирок жини келгенинен каткырып жатат. Мындай видеону интернет колдонуучусу социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Үй жаныбарларынын жакшы маанай тартуулап, көңүлдү көтөргөн учурларын дүйнөлүк торчодон көп кездештирүүгө болот. Мында бири ачууланса, экинчиси тамашага батып турат.

Тоту кушту сактайм деп каза болуп кала жаздаган кишинин видеосу
Кадрдан капастын үстүндө отурган канаттуунун каткырып жатканын көрүп, жайдары экен деп ойлоого болот. Бирок жөтөлүп, чукчуңдап, ээсинин колун аз жерден тиштеп ала жаздаганын көрүп... жини келип жатканын байкайсыз.

Анткен менен бул жаныбарлар жанына күч келгенде оңой жоо эмес. Интернетке чыккан видеолордун биринде кадимки эле кенгурунун тамагын тартып жегенин көрүүгө болот