50 жылдан ашыптыр. "Зеленхоз" таксинин үстүнө кулаган бак боюнча түшүндүрмө берди

Ишкана аталган көчөнүн жолу жакында эле оңдолгонун, бактын тамыры ушунда да жабыр тартканын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте таксинин үстүнө кулаган бактын тамыры чирип калган. Бул тууралуу "Зеленхоз" муниципалдык ишканасы билдирди. 

50 жылдан ашыптыр. "Зеленхоз" таксинин үстүнө кулаган бак боюнча түшүндүрмө берди

Эскерте кетсек, бүгүн түштө шаардын Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, астында турган Honda Fit унаасын басып калганын күбө билдирген.  Окуядан кишилер жабыркаган эмес. 

50 жылдан ашыптыр. "Зеленхоз" таксинин үстүнө кулаган бак боюнча түшүндүрмө берди

"Майда жалбырактуу кара жыгач кулаган. Тигилгенине 50 жылдан ашып, тамыры чирип калган. Унаа туура эмес жерге токтотулган. Кызматкерлерибиз окуя болгон жерге дароо чыгып, бакты араалап салышты", — деп айтылат маалыматта.

"Зеленхоз" аталган көчөнүн жолу жакында эле оңдолгонун, бактын тамыры ушунда да жабыр тартканын кошумчалады.