Саякатчы Пржевальскийдин 180 жылдыгын белгилөөгө даярдык башталды. Сүрөт

Буга чейин Кыргызстандагы Россиянын дипөкүлчүлүгү аталган музейдин материалдык абалын чыңдоо максатында саякатчынын 180 жылдыгын утурлай 11 миллион сомдун тегерегинде жардам көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Быйыл орус элинин улуу саякатчысы Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгы дүйнөлүк илимий чөйрөдө белгиленет. Иш-чараны утурлай мурдагы Пржевальск, азыркы Каракол шаарына Россиянын маданият министринин орун басары Николай Овсиенко менен өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев барганын жергиликтүү кабарчы билдирди.

Алар Пржевальскийдин жана кыргыздын тилчи-окумуштуусу Кусейин Карасаевдин атын алып жүргөн мемориалдык-тарыхый музейинде болуп, саякатчынын эстелигине гүл коюшту.

Овсиенко ушул сыяктуу тарыхый эстеликтерди кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү керектигине токтолду.

"Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов белгилегендей, биз тарыхыбызды эч качан унутпашыбыз керек, манкуртка айланбообуз зарыл. Келечек муунга баалуу тарыхый объектилерди татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", — деди министрдин орун басары.

Жээнбеков Путиндин Кыргызстанга келиши менен эмне өзгөрөрүн айтты
Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстандагы Россиянын дипөкүлчүлүгү аталган музейдин материалдык абалын чыңдоо максатында саякатчынын 180 жылдыгын утурлай 11 миллион сомдун тегерегинде жардам көрсөткөн.

Кеңешчи Сургаевдин айтымында, жардам эки этаптан туруп, ал каражатка 9,5 гектар жерди ээлеген музейдин аянты темир тор менен курчалып чыккан.

Николай Пржевальский Борбордук Азияга беш жолу экспедицияга чыгып, акыркы сапарында Ысык-Көлдүн жээгинде келте оорусунан каза болгон. Анын сөөгү Каракол шаарына жакын жерге коюлган.