Булуттар жок болуп кетиши мүмкүн. Андан ары эмне болорун адистер айтып берди

Окумуштуулар булут жок болуп кетсе, ири катастрофа болорун айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жакынкы 100 жылдыкта асмандагы булуттар жок болуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Калифорниядагы технологиялык институттун (АКШ) окумуштууларына шилтеме берип ВВС жазды.

Буга абада көмүр кычкыл газынын концентрациясынын жогорулап баратышы себеп болот.

Булуттардын жоголушу эң биринчи океандардын жылып кетишине алып келери айтылды.

"Булут океандардын үчтөн бир бөлүгүн жаап турат. Ал жоголсо суунун бетине күн кийип, суу ысып кетет. Мунун айынан суу жаныбарлары массалык түрдө кырылып калат", — деп жазылат макалада.

Окумуштуулардын айтымында, 55 миллион жыл мурда жер жүзүндө мындай көрүнүш болуп, сүт эмүүчүлөрдүн көбү жок болуп кеткен.

Ал эми башка илимпоздор булут бир эле көмүр кычкыл газынан жок болушу мүмкүн эмес экенин билдирип, бул оголе аша чапкан билдирүү экенин айтышууда.