Балбан Мурат Рамонов атаандаштарын ири эсеп менен жер каратты. Болгариядагы видео

Кыргызстандык спортчу жарым финалда жана чечүүчү кармашта каршылаштарын "таза жеңиш" менен уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Мурат Рамонов Болгариядагы эл аралык турнирде жеңүүчү болгону Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтында айтылат.

Ушул тапта Болгариянын Русе шаарында күрөштүн грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы түрлөрү боюнча балбандардын рейтингин аныктаган "Дан Колов жана Никола Петров" аталышындагы турнир өтүп жатат. Анда Рамонов 130 килограмм салмак категориясында мелдешкен.

Ал 1/8 финалда россиялык Виталий Щураны утса, чейрек финалда мекендеши Роман Кимди жеңген, ал эми жарым финалда түркиялык спортчу Ниал Арсланды таза жеңиш (9:0) менен жер караткан.

Ошондой эле чечүүчү кармашта египеттик Абдельатиф Ахмед Мохамедди дагы ири эсеп (9:0) менен утуп алды.

Ал ортодо дагы бир оор салмактагы (97 кг) кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков аталган мелдеште коло медаль тагынды.