Тактыга отурам деп талаада кала жаздады. Кемпирдин видеосу

Такты сыяктуу музду толкун чоң сууга алып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Америкалык улгайып калган турист Жудит Стренг муз тактыга отуруп сүрөткө түшөм деп аз жерден өмүрү менен кош айтышып кала жаздады. Бул тууралуу АВС телеканалы билдирди.

​Техаста жашаган аял Исландияга барып, Йёкюльсаурлоун көлүнүн жээгин кыдырып жүргөн. Тоңуп калган муздун арасынан тактыга окшош айсбергди байкап калып, ага отуруп сүрөткө түшмөкчү болот.

"Кудум эле атайылап бирөө жасап койгондой экен. Отурууга ушунча ылайыктуу. Сүрөткө түшөйүн деп отура калсам, кыймылдап кетти. Анан толкун чоң сууга алып жөнөгөндө жээке чыкканга үлгүрбөй калбадымбы", — деп айтып берген Стренг.

Чычаңы сынды го... Ич кийимчен кыз сууга секирип, музга түшкөн видео
Аялдын уулу Род Стренг апасын бир нече ирет сүрөткө тартып калууга жетишкен. Өмүрүнө кооптуулук жараткан кемпирди ошол жерде жүргөн флоридалык капитан Рэнди Ланконта сактап калган.

Ал эми Стренгдин небере кызы бир нече сүрөттү Twitter баракчасына жүктөп койгон. Ирмемдер интернетке алеки саатта тарап, көргөндөр кемпирди "муз ханышасы"  деп да атап жиберишкен.  Аял бул окуяну көпкө чейин унутпай тургандыгын айтып берген.